Tynchtykbek Akimaliev
Quick Facts
Biography
Акималиев, Тынчтыкбек– кинооператор жана кинорежиссер.
Кыскача өмүр баяны
Тынчтыкбек азыркы кыргыз киносундагы өтө ийгиликтүү, тынымсыз иштеген операторлордун бири.
Анын чыгармачылык активинде ондон ашуун толук метраждуу көркөм фильм, бир нече кыска метраждуу кино бар.
Тынчтыкбек адегенде Т.Адыранов мектебин бүтүрүп, андан соң 2004-2009-жылдары Кыргыз-түрк Манас университетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүн аяктаган.
Чыгармачылыгы
Тынчтык өтө мобилдүү иштеген, ошого жараша талыкпай издене билген оператор.
Анын тарткан фильмдери профессионалдык деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып турат.
Ар бир фильминде Тынчтыктын өзүнө гана таандык стили баамга урунат.
Кандай гана шартта болбосун кызыктуу жол таба билген художник.
Оператор катары тарткан фильмдери
- 2008 - "Муза" (кыска метраждуу фильм, башка оператор менен биргелешип тарткан)
- 2009 - "Кандуу сүйүү-2" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2009 - "Таштанды кыз" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2009 - "Контакт" (кыска метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2009 - "Үмүт" (кыска метраждуу дарекүү фильм, оператор менен биргелешип тарткан)
- 2010 - "Жараланган турналар" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2011 - "Кыз-жигит" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2011 - "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2011 - "Токолдор тополоңу" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2011 - "Мен сага ишенем" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2012 - "Жараланган турналар - 2" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2012 - "Сенин тилиң - Манастын тили" (кыска метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2012 - "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2012 - "Возварщение блудной дочери" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
- 2012 - "Каргыш" (толук метраждуу фильм, оператор-коюучу)
Режиссер катары тарткан фильмдери
- 2009 - “Месть”
- 2010 - “Неоконченные сны”
Наамдары жана сыйлыктары
Кадыржан Кыдыралиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси.
Колдонулган адабияттар
Интернет шилтемелер
- / Многоженство по-кыргызски: новая кинокомедия «Переполох из ...
- Иотправился яв Белые Столбы Archived 2016-03-06 at the Wayback Machine
- Кыргызстан – страна короткометражных фильмов - Journalist news Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
- lНемцы увидят кыргызские фильмы(жеткиликсиз шилтеме)