Shaiyr Kasymalieva
Quick Facts
Biography
' Касымалиева, Шайыргүл Зарлыковна – театр жана кино артисти.
Өмүр баяны
Шайыр Касымалиева артисттик үй-бүлөдө туулган. Атасы Зарылык Касымалиев талантуу актер, апасы Гүлнар Суранчиева жөндөмдүү артистка жана шыктуу бийчи болгон.
Шайыр орто мектепти Фрунзе шаарында аяктаган.
Бала кезинен тартып эле артисттик үй-бүлөдөн болгондон кийин, Шайыр театр чөйрөсүндө чоңойгон.
Мектепти аяктагандан кийин 1984-жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына окууга өтөт.
Театр окуу жайын 1989-жылы аяктап келип, курсташтары менен Кыргыз Өкмөтүнүн чечимине ылайык кайрадан ачылып жаткан Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ) кызматка алынат.
Шайыр 1991-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кызматка кирет.
Ошондон тартып Шайыр ушул театрда ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Чыгармачылыгы
Шайыр театрда, жаш курагында көбүнэсе лирикалык героиняларды аткарган.
Актриса сахнада назик, табияты өтө жумшак көрүнөт. Ошондуктан ага дайыма анын индивидуалдуу өзгөчөлүгүнө жана шык дараметине жараша лирикалык пландагы ролдор ыйгарылган.
Маселен, Жульетта, Гүлүсүн сыяктуу ролдор, акыйкаттан эле актрисанын жеке табиятына өтө жакын турушат.
Бирок, ал кыргыз көрүүчүлөрүнө биринчи кезекте кино аркылуу таанылды.
Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган “Куш өмүр” фильминде ойногон Сейденин ролу менен Шайыр кыргыз элине дайын болду.
Бул фильмден кийин да актриса бир нече кинолорго тартылды.
Театрдагы негизги ролдору
- Гүлүсүн (М. Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
- Колукту (Ж.Кулмамбетов, “Кагылайын, Манасым!”)
- Майраш (Ж. Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”)
- Жульетта (У. Шекспир, “Ромео менен Жульетта”)
- Калмак ханышасы (М.Абылкасымова, К.Иманалиев, “Атаке баатыр”)
- Жүргүнчү аял (М.Байжиев, “Узак сапардагы поезд”)
- Белина (Ж.Б.Мольер, “Анткор оорулуу”)
- Алтун (Ч.Айтматовдун, “Чыңгыз хандын ак булуту”) ж.б.
Киноролдору
Сейде (“Куш өмүр”)
Кошокчу (“Кошокчу” )
Заринанын апасы (“У любви свои небеса”)
Эне (“Он үч жашар баланын арманы”)
Наамдары жана сыйлыктары
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти .
Колдонулган адабияттар
- Ысык-Көл облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.
Интернеттеги шилтемелер
- «Плач перелетной птицы» (КыргызФильм) YouTube сайтында