peoplepill id: musa-murataliev
MM
Kyrgyzstan
3 views today
4 views this week
Musa Murataliev
schrijver

Musa Murataliev

The basics

Quick Facts

Intro
schrijver
Work field
Gender
Male
Place of birth
Naryn Region, Kyrgyzstan
Age
82 years
Musa Murataliev
The details (from wikipedia)

Biography

Муса Мураталиев - советтик, кыргыз жана орусиялык жазуучу, котормочу жана журналист. Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1998ж.).

Кыргыз жазуучулары (1986 ж.)

Кыскача өмүр таржымакалы

Жазуучу Муса Мураталиев Ат-Башы айылында 1942-жылы 15-февралда туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин геологиялык чалгындоодо металл ченегич, бетончу, электр оңдогуч, гезитте адабий кызматкер болуп иштеген.

1970-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун ийгиликтүү бүтүрүп келгенден кийин «Советская Киргизия» гезитинде кабарчы, телекөрсөтүүдө, Жаңылык Басылмалар Агенттигинин АПН Кыргыз ССРи боюнча бөлүмүндө өз кабарчы болуп иштеген. 1974-жылдан М.Мураталиев СССР Жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнчакеңешчиси болгон.

М.Мураталиев бир топ прозалык жыйнактардын автору. Жазуучунун кээ бир чыгармалары француз, немис, поляк, литва, латыш, фарс ж.б. тилдерге которулган.

1942-жылы Кыргызстандын Нарын обулусуна караштуу Ат-Башы районундагытокой чарбасында иштеген үй-бүлөдө туулган.

1959-жылы Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Чүй өрөөнүндөгү геологиялык Чымбулак партиясына таандык экспедицияда металлометрист болуп иштеген.

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин кечки бөлүмүнө өтүп аны 1967-жылы бүтүргөн.

1964-жылы Кыргыз ССР Коомдук тартипти сактоо министрлигинин органы «Дзержинчи» гезитинде адабий кызматкер болгон.

1965-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабий институтунда окуп, 1970-жылы бүтүргөн.

1970-71-жылдары «Советская Киргизия» гезитинин Тянь-Шань обулусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген.

1971-72-жылдары Кыргыз ССР министрлер советинин телевидение жана радио уктуруу боюнча Мамлекеттик Комитетинде адабий берүүлөр редактору болгон.

1972-74-жылдары АПН агенттигинин Кыргыз CCРи боюнча өз кабарчысы болуп келген.

1974-92-жылдары СССР Жазуучулар Союзунун башкармасында СП СССР кыргыз адабияты боюнча кеңешчи болуп турган.

1992-97-жылдары СССР Жазуучулар Союзу таркатылгандан соң Жазуучулар Союздары уюмунда ССП түрк тилиндеги адабияттар боюнча кеңешчи болуп иштеген.

1997-2005-жылдары Москвадагы Щепкин М. С. атындагы театралдык жогорку окуу жайында сабак берген.

1993-2011-жылдары "Азаттык" радиосуна Орусиядагы (штаттан сырткары) кабарчысы болгон.

1974 жылдан СССР Жазуучулар Союзунун катарында болгон.

1997 жылдан Москва Жазуучлар Союузуна мүчө.

2011 жылдан Орусиялык ПЕН-центринин мүчөсү болгон.

Чыгармалары

  • 1967 - Атакебайым качан келесиң? (новелла), – г. «Кыргызстан маданияты», 13 - декабрь.
  • 1967 - Папан (новелла), – ж. «Ала-Тоо», №3.
  • 1967 - Эне мээрими (новелла), – г. «Мугалимдер газетасы», 16, 20 - сентябрь.
  • 1967 - Түшкө жуук (повесть), – ж. «Жаш Ленинчи», №1.
Москва, ЦДЛ 2-апрель,2011
  • 1967 - Токой (повесть), – ж. «Ала-Тоо», №11.
  • 1969 - Тил кайруу, (1акт. пьеса), – г. «Ленинчил жаш», 16 - январь.
  • 1971 - Чекенде (новелла), – ж. «Жаш Ленинчи», №6.
  • 1971 - Тоолор (новелла), – г. «Кыргызстан маданияты», 4 - август.
  • 1971 - Итике (новелла), – ж. «Ала-Тоо», 1971, №8.
  • 1971 - Чоочун киши (новелла), – г. «Ленинчил жаш», 26 - октябрь.
  • 1972 - Кечмелик (новелла), – ж. «Ала-Тоо», №2.
  • 1972 - Эки атчан (новелла), – ж. «Ала-Тоо», №2.
  • 1972 - Бийик көпүрөө (повесть), – ж. «Жаш Ленинчи», №№7,8.
  • 1973 - Кочуш өмүр (новелла), – ж. «Ала-Тоо», №2.
  • 1973 - Дөөтү (новелла), – ж. «Ала-Тоо», №2.
  • 1973 - Жубайлар (новелла), – г. «Кыргызстан маданияты», 24 - май.
  • 1973 - Эңсөө (новелла), – г. «Кыргызстан пионери»,3 - октябрь.
  • 1973 - Алтын жылдыз (новелла), – г. «Советтик Кыргызстан», 17 - август.
  • 1973 - Чарпая (повесть), – ж. «Ала-Тоо», №12.
  • 1974 - Ак калпак (новелла), – г. «Ленинчил жаш», 9 - май.
  • 1975 - Адам жолу (новелла), – ж. «Ала-Тоо», №5.
  • 1975 - Таятамдын өмүрүнөн (новелла), – г. «Кыргызстан маданияты», 19 - июнь.
  • 1975 - Кошуналар (новелла), – г. «Нарын правдасы», 16 - октябрь.
  • 1976 - Жаңы конуш (повесть), – ж. «Ала-Тоо», №2.
  • 1977 - Бүйүз (новелла), – г. «Кыргызстан маданияты», 10 - март.
  • 1977 - Ага-ини (новелла), – г. «Ленинчил жаш», 29 - октябрь.
  • 1978 - Караан (повесть), – ж. «Ала-Тоо», №1.
  • 1978 - Тамды жакынсуу (новелла), – ж. «Жаш Ленинчи», № 11.
  • 1979 - Көз байланганда (новелла), – г. «Ленинчил жаш», 13 - сентябр.
  • 1980 - Май айынын күкүгү (роман), – ж. «Ала-Тоо», №№8,9.
  • 1982 - Аңыз (новелла), – г. «Кыргызстан маданияты», 11 - март.
  • 1982 - Алгырым (повесть), – ж. «Ала-Тоо», №10.
  • 1985 - Көк бөрү (повесть), – ж. «Ала-Тоо», №7.
  • 1989 - Мусакундун өлүмү (романдан), – г. «Кыргызстан маданияты», 27 - апрель.
  • 1989 - Чымчым топурак (роман), – ж. «Ала-Тоо», №№5,6.
  • 2008 - Жаман (“Манас айтуу” романдан), – г. «Адабий Ала-Тоо», №№ 3, 4, 5.

китептери

  • 1970 - Тушкө жуук: повесть, ангемелер. – Фрунзе, «Мектеп». – C.64.
  • 1974 - Токой: повесттер, ангемелер. – Фрунзе, «Кыргызстан». – C.118.
  • 1977 - Көктөм: повесть жана ангемелер. – Фрунзе, «Мектеп». – C.212.
  • 1979 - Сары кар: роман жана повесттер. – Фрунзе, «Кыргызстан». – C. 217.
  • 1981 - Май айынын күкүгү: роман. – Фрунзе, «Кыргызстан». – C. 223.
  • 1983 - Караан: повесттер. – Фрунзе, «Мектеп». – C. 170.
  • 1990 - Мусакундун өмүрү: роман, повесть. – Фрунзе, «Адабият». – C.447. ISBN 5-660-00245-5.

Орусча жазган жана которулган китептери

  • 1973 - Ближе к полудню (Түшкө жуук): рассказы. – М., «Детская литература».C.48.
  • 1978 - Две жизни (Эки өмүр): повести и рассказы. – М., «Советский писатель». – C.279.
  • 1982 - Теплота (Ылым саноо): рассказы. – М., «Детская литература». – C.64.
  • 1982 - Желтый снег (Сары кар): роман, повесть, рассказы. – М., «Молодая гвардия». – C. 304.
  • 1986 - Молодой тынар (Алгырым): повести, рассказы. – Фрунзе, «Мектеп». – C.166.
  • 1989- Майская кукушка(Май айынын күкүгү): роман, повести. – М., «Советский писатель». – C.344. ISBN 5-265-00810-1
  • 1993 - Черная птица (Кара куш): рассказы. – М., «Детская литература». – C.24. ISBN 5-08-001875-5
  • 1993 - Золотой фазан (Алтын кыргоол): сказки. – М., «Семетей». – C.47. ISBN 5-900399-01-C
  • 2011 - Идол и Мария (Бут жана Мария): романы. - М., "Зебра Е". - С.320. ISBN 978-5-94663-079-5
  • 2012 - Тоска по огню (Отту сагынуу): роман, повести. - М., "Зебра Е". - С. 320. ISBN 978-5-905629-72-3
  • 2014 - Нашествие мигрантов (Келгиндер жапырыгы):роман, повесть. - М., "Зебра Е". - С. 256. ISBN 978-5-906339-78-2

Башка тилдерге которулуп чыккан китептери

Эстон тилинде
  • 1975 - Mussa Muratalijev. Kespaeva paiku [jutud]. – Kirjastus “Eesti Raamat”. Tallinn. – C.48.
  • 1987 - Mussa Muratalijev. Kollane lumi [Roman ja jutte]. – Tln.: Eesti Raamat. – C.344.
Жунгар тилинде
  • 1986 - Musza Muratalijev. Egy vadàszsólyom tȍr ténete -. Móra Kiadó (Budapest) es a Kárpáti Kiadó (Uzsgorod). – C.126. ISBN 963 11 4546
Латыш тилинде
  • 1983 - Musa Muratalijevs. Aulo, puils!: Garais stāsts. – Riga “Liesma”. – C.158.
Немис тилинде
  • 1985 - Mussa Muratalijew. Mein Jagdfalke [Novelle]. Verlag Volk und Welt, Berlin. – C.120.
Перс тилинде
  • 1982 - Муса Мураталиев, «Две жизни», повести и рассказы. – Ташкент, Прогресс. – C.235.
Дари тилинде
  • 1983 - Муса Мураталиев, «Две жизни», повести и рассказы. – Ташкент, Радуга. – C.214.
Хинди тилинде
  • 1988 - Musa Murataliev, Two Lives /Novels/ In Hindi. “Raduga” and Peopls Publishing house, Delhi. – C.239. – ISBN 5-05-002097-2
Словен тилинде
  • 1988 - Musa Muratalijev Sokolíčku, sokolíku, sokole… (pp. 81-171).Tažní ptáci. Lidové Nakladatelství.Praha. – С.414.

Сырткы шилтемдер

The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Musa Murataliev is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Credits
References and sources
Musa Murataliev
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes