peoplepill id: korchubek-aknazarov
KA
Russia Kyrgyzstan
3 views today
4 views this week
Korchubek Aknazarov
Soviet and Kyrgyz politician

Korchubek Aknazarov

The basics

Quick Facts

Intro
Soviet and Kyrgyz politician
A.K.A.
Korchubek Aknazarovich Aknazarov
Work field
Gender
Male
Place of birth
Kyrgyzstan
Age
96 years
The details (from wikipedia)

Biography

Корчубек Акназаров (Кызыл-Октябрь, СССР, 1-август 1922 — Бишкек, Кыргызстан, 2019) — Коомдук ишмер, КыргызССРинин советтик-партиялык ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.

Өмүр баяны

Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы Карл Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган

1947-жылдан тартып партиялык кызматтарда иштеп, адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болгон.

1961-жылдан 1990-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да парламентке депутат болгон

Корчубек Акназаров 2019-жылы 1-февралда Бишкек шаарында каза болгон

Партиялык ишмердүүлүгү

1947-жылдан КПССтин мүчөсү.
1947-жылдан партиялык жетекчи кызматта, 1961-1971-жылдарда партиянын Ак-Талаа райкомунун биринчи секретары болуп иштейт.
1971-жылы партиянын Жумгал райкомунун, 1972-жылдан партиянын Кочкор райкомунун биринчи секретары.

Депутаттыгы

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6-7-шайланышы.) депутаты.
1961-жылы 11-областтык партиялык конференцияда Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун мүчөсү, ошол эле жылы Кыргызстан КПнин 12-сьездинде Кыргызстан КП БК мүчөлүгүнө кандидат, Кыргызстан КПнин 13-сьездинде Кыргызстан КП БКнин мүчөсү болуп шайланган.

Сыйлыктары жана наамдары

Ал Ленин ордени, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.

Эскертмелер

The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Korchubek Aknazarov is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Credits
References and sources
Korchubek Aknazarov
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes