peoplepill id: kakish-ryskulova
KR
Kyrgyzstan Russia
2 views today
2 views this week
Kakish Ryskulova
ciruxana kirguistanina (1918–2018)

Kakish Ryskulova

The basics

Quick Facts

Intro
ciruxana kirguistanina (1918–2018)
Work field
Gender
Female
Place of death
Bishkek
Age
99 years
The details (from wikipedia)

Biography

Рыскулова Какиш (15. 10. 1918-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Четинди айылы – 27.08.2018) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1967), профессор (1968). Кырг. ССР Илимдер Академиясынын академиги (1969), корреспондент мүчөсү, 1954), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1957), илимге эмгек сиңирген ишмери(1980). 1938-ж. Фрунзе шаарындагы медицина окуу жайын, Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун (1944), ошол эле жерде аспирантураны (1949) бүтүргөн. Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда ассистент (1949–62), доцент (1962–67), 1967-жылдан кафедра башчысы, ректордун кеңешчиси болуп иштеген. Анын илимий эмгектери ампутация учурунда кесилген нервдерди тазалап, алардын сезгичтигин калыбына келтирүү, кан тамырларды тигүү, улаштыруу ыкмаларын өздөштүрүү, ошондой эле карын, он эки эли ичеги, эхинококкозду хирург. жол менен дарылоого арналган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрөгасынын орун басары (1957–67), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Президиумунун мүчөсү (1969–74), Республиканын хирургия жана гастроэнтерология илимий коомунун төрөгасынын орун басары болуп иштеген. Ленин, 3-даражадагы Манас, 2 «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» ж. б. медалдар менен сыйланган. Эмг.: Система свертывания крови и адаптадии к природной гипоксии. Л„ 1977; Клинико-иммунологические аспекты язвенной болезни и двенадцатиперстной кишки (в соавторстве). Б., 1995; Клиникофункциональная и морфологическая характеристика больных после резекции желудка и автотомии язвенной болезни (в соавторстве). Б, 1998; Избранные труды. Б., 1998.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Kakish Ryskulova is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Kakish Ryskulova
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes