peoplepill id: bulan-kudaybergenov
BK
2 views today
2 views this week
Bulan Kudaybergenov

Bulan Kudaybergenov

The basics

Quick Facts

Gender
Male
The details (from wikipedia)

Biography

Кудайбергенов Булан Жыгаччы. 1924-ж. Бакай-Ата районундагы Күмүштак айылында төрөлгөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Бишкек педагогия институтунун филология факультетин бүтүргөн. Көп жылдары Ключевка атындагы орто мектепте эмгектенген. Тарых, Адабият жана Манас кесиптерин элге тааныткан, Эл агартуу наамы берилген. Жыгаччылыкка узанууда атасынын нускасын алган. Атасы өз учурунда боз үйдүн жыгачына узанып, жыгачтын сырын терең билген уста болгон. Буландын адам түспөлдөрүн жумурулап жасаган жыгач бедиздери басма сөз, көргөзмө, кароо-сынактар аркылуу учурунда өнөр күйөрмандарына таанылган. Жыгаччы өзүнүн өткөргөн сабагына көргөзмө курал даярдап, белгилүү жазуучу-акындардын жана атактуу адамдардын портреттеринин негизинде анын кебете-кейпин берүүгө умтулган. Буландын айрым иштери сүрөттү өз алдынча сүйүүчү катары элдик чеберлердин союздук көргөзмөлөрүнө чейин катышкан. Көбүнчө ал кара тал жыгачты пайдаланат. Чебер аны суусунда чаап, бүтөрүндө туздуу сууга кайнатып алат. Туз аны чыйралтат да, тарамыштай катуу кылып таштайт. Үч-төрт ай тал-теректин кабыгын аарчыбай маңызын өзүнө сиңирет. Себеби, биринчиден жарылбайт, экинчиден салмагы сакталат. Кара тал бекем болуп, сулуу чабылат. Талды убагында чаап, шамал жана күндүн шооласын көрсөтпөй, көлөкөдө сактайт. Анын бутактуу жерлерин түрпү, ийги аркылуу кемийт. Антпесе, ал кийин чордонуп, буюмдун абалын бузуп, жарака чыгарат. Уста көбүнчө он беш жылдык талды пайдаланат. Ал кайыңды да көп кармайт. Кайың оор, катуу келет, бирок кара талга караганда аны иштетүү оңойдой сезилет. Кайың суу кезинде шамалга бат жарылат. Муну чаап болуп, жымсалдоо мезгилинде эле туздуу сууга кайнатат. Кайында бутак аз болот. Ак түскө айланып, андан кармалган буюмдар - аяк, сузгу, кашык, табак, чөйчөк өңдүүлөр көрктүү көрүнөт. Кургагандан кийин да салмактуу болот. Көк терек анча чирибейт. Иштетүүдө суйкайып сыйда түшөт. Кыйып келгенде муну иштетүү жеңил. Убагында кургатылып, убагында чабылат. Кургатылган чакта жиксиз кынаптатып, бириктирүүгө, кураштырууга жана желимди кармоого жакшы келет. Майда буюм-тайымдар үчүн липа ойдогудай жердик боло алат. Сууга да, күнгө да, ысык-суукка да чыдамдуу, жарылбайт. Бутаксыз өсүп, жонууга жумшак, иштетүүгө жеңил. Ар бир жыгачтын жекече касиеттерин билип, «суусун ичкен» Булан салттуу буюмдар: ашкана идиштерине, асемдүү аваз аспаптарына да узанат. Комуз да, ээр да чабат. Булан элдик чебер гана болбостон, чебер аткаруучу дагы. Чынгыз Айтматов, Тоголок Молдо, Чолпонбай Тюлебердиев, Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов жана башка кыргыздын атактуу акын жана жазычууларынын суротун чагылдырган жана жыгачын чабкан.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын II кароо-сынагы». Жыгач буюмдары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0

The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Bulan Kudaybergenov is in following lists

By category

comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Bulan Kudaybergenov
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes