Asanakun Jylkychymanov
Quick Facts
Biography
Жылкычыманов Асанакун Ат жабдыктарынын чебери. 1920-ж. Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында төрөлгөн.
Колхоздо эсепчи, бригадир, сугатчы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгек ардагери. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Аны эл «ээрчи Асанакун» дешет. Ээрчиликти аталаш тууганы Койчумандан үйрөнгөн. Чебер күзүндө тал-терек бышып, жалбырактары түшкөндө кыйып, ээрге ченеп-өлчөп араалайт да, балта менен сомдоп, көлөкө жайга, көк жерге коёт. Күн алыс карап турат. Эгер жарыла баштаса солидол менен майлайт (мурда ошол жерге уйдун жаңы жампасын жабыштыра сыйпап, аны күн алыс суу менен жышып туруучу). Терек бир айда кургайт. Ээр арчадан чабылып, капталбаса кадимкидей жыттанып турат. Аны чаап бүткөндөн кийин акиташтын суусун сыйпаса, бара-бара кыпкызыл болуп калат. Ээрди чебер туюк чабат. Ээрдин кашы негизи чарадан бийигирээк келет. Эткээл адамдар үчүн ээрдин моюнун кыскараак жасайт. Себеби, ичти урбайт. Негизи ээр кашы бычак менен чыгат. Ээр чабууда түз керки (кадимки керки), ийги керки (чуңкур жери жаңырган ай сымал), жеңил керки (моюну жеткен жери чабылуучу керки) өңдүү аспаптарды уста курч, серпилгич темирден өзү жасап алат. Ээр каптоодо төө тери уй терисинен 8-10 жыл бышыгыраак болот. Төө өтө азайгандыктан, көбүнчө уй териси менен каптайт. Аны жыдытуу үчүн бетине акиташ сепсе ички кыртышы жумшарат, жүнү жыдыйт. Жумуру жыгачты тамга жөлөп, ага жыдыган терини арта салып жүнүн орок менен шыпырып таштайт. Кайра ички бетин сыртына каратып, челин сыдырат. Анан эки-үч күнү таза сууга салса акиси кетет. Ансыз жылаңач ээрди каптаганда чап кармай албайт. Асанакундун мындай тери менен каптаган ээрин «там тешээр ээр» деп коюшат. Анткени, ат жыгылып үч-төрт ала салсын, ээр оңко турсун эч сынбайт. Ээрин көбүнчө Ат-Башы өрөөнүндө өскөн бака теректен чабат. Асанакун устанын өрүмчүлүк өнөрүндө жон өрүмдү 15 талдан алат, аны бул жергеде «беш кашка» деп коёт. «Кош өрүм» эки өрүм жанаша түшөт. Аны 16 талдан тандайт. Ал кайыкчы катары да белгилүү. Жез, мис менен ат жабдыктарың шөккөттөп, атты дароо токуп кеткидей кылып ат жабдыктарынын бир бүтүмүн бир колдон чыгарат. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Ат жабдыктары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0