peoplepill id: alyy-bekboeva
AB
Kyrgyzstan
3 views today
3 views this week
Alyy Bekboeva
artista kirguistanina

Alyy Bekboeva

The basics

Quick Facts

Intro
artista kirguistanina
A.K.A.
Aly Bekboeva Aly Bekboyeva
Work field
Gender
Female
The details (from wikipedia)

Biography

Бекбоева Алый (12.6.1886, Нарын району, Ак-Талаа айылы — 1977, ошол эле жер) — уз, сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1959).

1930-жылдардан колхоздо, Нарын шаарындагы тигүү фабрикасында иштеген. Ал саймачылыкка, оймочулукка таандык буюм-тайымдарды арбын кармап, жалан жасалга-колдонмо өнөрүнүн өсүшү үчүн талбай узданган. Анын өнөрканасында басма, илме сайманын, "алый" көчөтунүн жана башка баа жеткис үлгүлөрү бар.
1957-ж. жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча өзүнчө айырмаланган бир нече сайма туш кийиздерин жана шырдак буюмдарын жасап өткөргөн. Көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө катышкан.
Бекбоеванын жасаган буюмдары Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, Ленинграддагы мамлекеттик этнография музейине, чыгыш элдеринин мамлекеттик көркөм өнөр музейине (Москва) коюлган.Бекбоева кыргыз аялдарынан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон алгачкы эл чебери. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Alyy Bekboeva is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Alyy Bekboeva
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes