peoplepill id: z-k-kurmanov
ZKK
Kyrgyzstan
1 views today
2 views this week
Z. K. Kurmanov
políticu kirguistanín

Z. K. Kurmanov

The basics

Quick Facts

Intro
políticu kirguistanín
A.K.A.
Zaĭnidin Karpekovich
Work field
Gender
Male
Place of birth
Bishkek
Age
68 years
Z. K. Kurmanov
The details (from wikipedia)

Biography

Кыргыз тарыхчысы, профессор Зайнидин Курманов. 11.5.2012.

Зайнидин Карпекович Курманов (1955-ж. 3-июнда т., Бишкек ш.) – заманбап кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (1997), профессор (2000), Кыргыз Республиканын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2002), Кыргызстандагы белгилүүү саясатчы жана коомдук ишмер, Жогорку Кенешинин төрагасы (2009-2010). Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору.

Кыскача өмүр таржымакалы

Зайнидин Карпек уулу Курманов 1955-жылы 3-июнда Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеокумуштуунун үй-бүлөсүндө туулган. Ата-теги Нарын жергесиндеги Жумгал өрөөнүнөн болот.

Атасы Карпек Шамсединович Курманов – белгилүү укук адиси, профессор, юридика илиминин доктору, Кыргызстан илимине эмгек сиңирген ишмер. Энеси – Анипа Курманова, юрист, юрисконсульт кызматында КР байланыш министрлигинин аппаратында коп жылыиштеген, азыркы заманда -пенсионер.

Зайнидиндин уулусу – Ильяс Курманов,саясий илимдин кандидаты (2013); кызы – Курманова Малика, укук илиминин кандидаты (2009).

Зайнидин Карпекович Курманов Бишкекте орус тилиндеги № 6 орто мектепте таалим алган.

1972-жылы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, 1975-жылдын июлуна чейин бир нече жыл Бишкекте окуган.

1975-жылы сентябрда Зайнидин Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Ленинград Мамлекеттик университетине которулган.

1978-жылы Орусияда Ленинград Мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

1978-79-жылдары Казакстандагы Караганда Мамлекеттик Медициналык институтунда илимий коммунизм жана КПСС тарыхы кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

1979-82-жылдары Кыргызстандын Борбордук Мамлекеттик архивинде архивист жана улуу архивист, андан соң бөлүм башчысы кызматтарында иштеген.

1982-1985-жж. Москва шаарында СССР ИАсынын Тарых институтунда күндүзгү аспирантурада окуган.

1985-86-жылдары Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер болгон.

1986-91-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда КПСС тарыхы кафедрасында (кийинки ХХ кылымдын саясий тарыхы кафедрасында) окутуучу болуп иштеген.

1992-жылы Бишкектеги Милициянын жогорку мектебинде улук окутуучу болгон.

1992-94-жылдары И.Арабаев атын. Кыргыз мамл. пед. институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин) ректору болгон.

1994-96-жылдары ошол эле окуу жайда Атажурт тарыхы кафедрасында күндүзгү доктрант болгон.

1996-жылы КМУУнун юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Ошол эле жылы докторантураны да аяктаган. Илимий жетекчиси – профессор Трукан Герман Антонович жана Чынара Шаршеевна Жакыпова.

1996-97-жылдары «Кыргыз инвестиция-финансы корпорациясы» департаментинин директору болуп иштеген.

1997-2000-жылдары Бишкектеги Кыргыз-Россия (Славян) университетинин юридика (укук) факультетинин профессору болгон.

2000-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон жана "Оң Ордо" фракциясын жетектеген.

1998-2007-жылдары “Менин өлкөм” партиясынын жана 2007-2010-жылдары“Ак Жол” партиясынын мүчөсү болгон.

2005-2007-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы парламенттик долбоорунда кеңешчи болуп иштеген.Ошол эле мезгилде КУУнун Эл аралык мамилелер факультетинде профессор болуп иштеген.

2007-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин - Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төртүнчө чакырылышынын депутаты болгон. 2007-09-жылдары ЖКнын Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетин жетектеген.

Зайнидин Курманов 2009-жылдын 24-декабрынан 2010-жылдын 6 июнга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

2010-жылдын сентябрынан тартып Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин Укук факультетининпрофессору болуп иштеп келет.

2010-жылдын апрелинен тартып бир эле учурда Дипломатиялык академиянын Дүйнөлүк саясат жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы болуп иштеп келет.

2012-жылдын декабрынан тартып Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы болуп иштеп келе жатат.

Тарыхчы жана педагог

Илимий жетекчи катары 6 кандидатты жана 2 докторду даярдаган.

1000ден ашуун гезиттик-популярдык эмгектердин автору.

Анын эмгектери негизинен Кыргызстандын ХХ кылымдын башындагы тарыхын, укук жана эларалык маселелерин изилдөөгө багытталган.

200дөн ашык ил. эмгектердин, а.и. 34 монография, окуу китептеринин автору.

Билим өркүндөтүү

Кыргыз тарыхчылары Абдрасул Исаков менен Зайнидин Курманов Мармара университетинде. Стамбул, Түркия. 11.5.2012.

1982-1985-жж. Москва шаарында СССР ИАсынын Тарых институтунда күндүзгү аспирантурада окуган. Илимий жетекчиси – т.и.д., профессор Трукан Герман Антонович.

1996-жылы КМУУнун юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Ошол эле жылы КУУда докторантураны да аяктаган. Илимий жетекчиси – профессор Чынара Шаршеевна Жакыпова. Доктордук ишин 1997-жылы Бишкекте орус тилинде жактаган.

2001-жылы Германиядагы Бавария жергесинде Гармиш-Партенкирхен шаарчасында АКШнын Жорж Маршалл атн. Борб. Аскер коллежин бүтүргөн.

Үй-бүлөсү

Үй-бүлөлүү.

Эки баласы бар: уулу Курманов Ильяс Зайнидинович жана кызы Курманова Малика Зайнидиновна.

Зайнидин Курмановдун атасы Карпек жана энеси Анипа. 1960-жыл. Кыргызстан.

Атасы - Карпек Курманов, энеси - Анипа Шүкүрбек кызы (азыркы тегаты - Курманова). Экөө тең юрист. Алар 1953-жылы баш кошкон.

Карпек жана Анипа Курмановдордун эки уулу (Айдар, 1954, Зайнидин, 1955) жана бир кызы (Гүлнара, 1960), неберелери бар.

Зайнидиндин агасы Айдар Курманов - юридика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз мамлекеттик укук академиясында кафедра башчысы болуп иштейт.

Зайнидиндин карындашы Гүлнара (Гульнара) Курманова - М.Ломоносов атындагы ММУну кызыл диплом менен бүтүргөн. Бишкектеги Ленин райондук сотунда сот (судья) болуп иштеген, азыр Казакстанда, Алматы шаарында жашайт.

Сыйлыктары. Наамдары

2002-жылы - Кыргыз Респ-нын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери

2002 -жылы - Кыргыз Респ-нын 2-даражадагы мамлекеттик кенешчиси

2008-жылы Мустафа Кемаль Ататүрк эларалык фондунун алтын медалы менен сыйланган

2009-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган

2009-жылы Кыргыз мамлекетинин кызматынын отличниги

2009-жылы "Жогорку Кенешине 70 жыл" медалы менен сыйланган

2009-жылыМПА СНГ ардактуу грамотасы менен сыйланган

2011-жылы - Казакстандын Тарых жана коом таануу академиясынын академиги

2012-жылы"Казакстандын галым онугуу учун" медалы менен сыйланган

Эмгектеринин тизмеси

  • Курманов З. К., Пушкарева А.М., Бактыгулов Дж.С., Курманова Б.Ш. ж.б. Разгром контрреволюционных сил Кыргызстана в годы гражданской войны и иностранной интервенции (1918-1920 гг.).Сб. док. Фрунзе: Илим, 1984. 518 б.
  • Курманов З. К., Бегалиев С.И., Самсонов В.Д. Постановления сессий ЦИК Киргизии (1927-1938 гг.). Сб. док. Фрунзе: Кыргызстан, 1986.326 б.
  • Курманов З. К., Бегалиев С.И. Под знаменем Великого Октября. Фрунзе: Знание, 1987. 45 б.
  • Курманов З. К., Бегалиев С.И., Семенов В.Е. ж.б. Тридцать седьмой год в Киргизии (Возвращенные имена). Фрунзе: Кыргызстан, 1991. 253 б.
  • Курманов З. К. Борьба политических элит Кыргызстана в период возрождения национальной государственности кыргызского народа: (1917–1927 гг.):Автореф. дисс. … д-ра ист. наук. Бишкек,1997. 48 б.
  • Курманов З. К. Всекиргизские съезды советов: подготовка, состав, работа: (1925–1937 гг.): Автореф. дис. … канд. ист. наук. Бишкек, 1991.25 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Бегалиев С.И., Ногойбаева Ч., Сорокина З. Абдыкерим Сыдыков - национальный лидер. Бишкек: Кыргызстан,1992. 181 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Джунушалиев Дж.Дж., Бегалиев С.И. ж.б. Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления.- Бишкек: Илим,1994.
  • Курманов З. К., Чикеева З. Ч., Галиева З. И. ж.б. Права человека: Теория и практика (Под общ. ред. Л. Ч. Сыдыковой; Рук. авт. коллектива Б. Н. Малабаев). Бишкек: КРСУ,1998. 289 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Джунушалиев Дж.Дж. ж.б. У истоков кыргызской национальной государственности. Бишкек: Илим, 1997. 383 б.
  • Курманов З. К.Политическая борьба в Кыргызстане: 20-е годы.Бишкек: Илим,1997. 290 б.
  • Курманов З., Джакупова Г. Парламентаризм в Кыргызстане: первый опыт.Бишкек: Полиглот, 1998.
  • Курманов З. К. Кыргыз улуттук лидери Абдыкерим Сыдыков: доор, инсан, тагдыр.Бишкек: Илим, 1998.
  • Курманов З. К., Маанаев Э.Ж., Курумбаева Г. Национальная интеллигенция Кыргызстана периода своего становления: общественно- политическая роль, судьба.Бишкек,2000.
  • Курманов З. К., Сыдыкова Л.Ч., ж.б.Уголовное право Кыргызской Республики. Ч.Особенная.Бишкек, 2000
  • Курманов З., Садыков Э. Абдыкерим Сыдыков: Личность и история.Бишкек: Шам,2002.228 б.
  • Курманов З. К., Плоских В.М., Джунушалиев Дж.Дж. А.Сыдыков, Ю.Абдрахманов.Бишкек: Шам,2003
  • Курманов З. К.Национальная интеллигенция 20-30 годов: вклад в возрождение государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом.Бишкек: 2005.378 б.
  • Курманов З., Усупашвили Д., Домбровский М. ж.б.Кыргызстан на новом этапе развития.Бишкек: ПРООН, 2005
  • Курманов З., Тологонов Р. Социалистическая идея в Кыргызстане: прошлое, настоящее, перспективы.Бишкек: 2006. 144 б.
  • Курманов З., Айтматов Ч., Сатпаев Д., Сиражиддинов Н., Шарипов С. ж.б. Центральная Азия: собственный взгляд (Zentralasien: eine innenansicht /Под ред.д-ра Райнхарда Крумма.Бишкек, Астана, Ташкент, Душанбе: 2006. 498 б.
  • Курманов З., Тологонов Р. Инобытие нравственности или этическая сублимация.Бишкек: 2006.
  • Курманов З., Богатырев В., Абылгазиева А., Горборукова Г. История и идентичность: Кыргызская Республика (Geschichte und Identitat: Kirgisische Republik) /Под общ. ред. проф., д-ра Вульфа Лапинса.Бишкек, 2007. 273 б.
  • Курманов З., Маматкеримова Г., Джигитеков К., ж.б.Жогорку Кенеш: презентация для граждан.Бишкек, 2007.48 б.
  • Курманов З., Илибезова Э., Маматкеримова Г., ж.б. Парламент и избиратели (Результаты национального опроса апрель-май 2007).Бишкек, 2007. 48 б.
  • Курманов З.К., Элебаева А.Б., Макаров А.В., ж.б.Граждановедение. Учебное пособие для студентов вузов КР /Под общ. ред. Фаттаховой А.Ш.Бишкек, 2011. 204 б.
  • Курманов З.К., Суюнбаев М.Н. ж.б. Актуальные проблемы внешней и внутренней политики Кыргызстана /Под ред. Искаковой Ч.Д.Бишкек, 2011. 76 б.
  • Курманов З., Илибезова Э., Бердикеев С., Байназаров И. Жогорку Кенеш: вопросы эффективности и прозрачности.Бишкек, 2012. 104 б.
  • Курманов З.К. Первый. Научно-популярное издание. Санкт-Петербург: ИПЦ СЗИУ РАНХиГС, 2014. 208 б.
  • Курманов З.К. Пособие для политических партий по правовым основам участия в выборах и партийному строительству. Бишкек, 2014. 162 б.
  • Курманов З.К. "Дело" Алымкула Джакшылыкова: преступление, которого не было. Бишкек,2015. - 287 б.
  • Курманов З.К. Ахматбек Суюмбаев: штрихи к политическому портрету IX премьера. Бишкек,2015. - 237 с.

Ал тууралуу адабият

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 б.
  • Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедия. Бишкек: 2003. - Б.126.
  • Малеванная Д. Зайнидин Курманов: философствующий скиф / МСН - 2006. - 20 окт.
  • Орлов Д. Зайнидин КУРМАНОВ: Хочу прожить не зря /МСН - 2010. - 5 фев.
  • Тулиндиева Ж. Зайнидин Курманов: «Бояться кыргызов не надо, мы не кусаемся» /Мегаполис. - Алматы. - 2010. - 3 окт.
  • Оторбаева А. “Я либерал, как и мой отец...”/Вечерний Бишкек - 2000. - 31 марта.
  • Тулиндиева Ж. Зайнидин КУРМАНОВ: Мы поставили себе ложную цель – права человека /Мегаполис. - Алматы. - 2012. - 22 окт.
  • Тынаев А. Между Казахстаном и Кыргызстаном нет таких сфер, где бы не было общих интересов / Литер. - Алматы. - 2010. - 27 янв.
  • Темир Э. Исхак МАСАЛИЕВ:Неважно, кто стоит у власти. Важно, как нами рулят / Вечерний Бишкек - 2010. - 18 янв.

Интернеттеги шилтемелер

The contents of this page are sourced from Wikipedia article on 03 Oct 2019. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Z. K. Kurmanov is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Reference sources
References
Z. K. Kurmanov
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes