peoplepill id: dzhamal-seidakhmatova
JS
Russia Kyrgyzstan
2 views today
5 views this week
The basics

Quick Facts

Intro
Actor
Gender
Female
Place of birth
Temirovka, Issyk-Kul District, Issyk-Kul Region, Kyrgyzstan
Age
82 years
The details (from wikipedia)

Biography

Сейдакматова Жамал – театр жана кино артисти, «Туңгуч» театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын эл артисти. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.

Кыргыз элининжана Борбордук Азиянын чыгаан актрисасы.

Өмүрү жана чыгармачылыгы

Жамал СейдакматоваКөл кылаасынын күңгөйүндөгү Темир айлында туулуп-өскөн.
Бала чагынан эле Жамал ырга-бийге шыктуу болуп өсөт. Бирок, орто мектепти аяктагандан кийин, эңсегени ишке ашпай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырып, өтүп кетет да окуп калат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган инститту 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет.

Чыгармачылыгын өздүк көркөм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Ошондон тартып 1989-жылга чейин, башкаача айтканда “Тунгуч” театрын негиздеп, бөлүнүп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-көгөргөн, чыгармачылык чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен.
Аталган театрдын сахнасында Ж.Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан көрүндү.
Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш артистка кыргыз кинолоруна да активдүү тартыла баштайт.

Ж.Сейдакматованын 60-70-жылдардын ичиндеги театр өнөрүндөгү чыгармачылык ийгиликтеринин бири Англиялык улуу драматург У.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт. Ырастан эле бул образ дегеле Ж.Сейдакматованын жалпы чыгармачылыгындагы эң орчундуу жетишкендик болуп саналат.

Бир чети сахналаш өнөгү, бир чети ошол кездеги жубайы, таланттуу театр артисти, маркум Болот Шалтаев экөөнүн “Азоого чалмадагы” чыгармачылык дуэти (жубайы Петруччону аткарган), ушул кезге чейин кыргыз театрынын тарыхындагы нукура чыгармачылык өнөктөштүктүн, нукура чыгармачыл атаандаштыктын эң жогорку, эң бийик, эң мыкты үлгүсү болуп эсептелет.
Театр менен сахнада Ж.Сейдакматова көбүнэсе лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп жүрөт. Бирок, ошол эле аталган “Азоого чалмадагы” Катаринанын, андан соң “Үйлөнүү” спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары актрисанын комедиялык мүнөздөгү ролдордун да андан ашкан устасы экенин айгинелейт.
Кыскасы, Ж.Сейдакматова көп кырдуу талант.
Обончу Э.Мукамбетовдун “Сайрагүл”, “Айдайлы жашоо кемесин” сыяктуу ж.б. ырларын ырдап чыгып, Ж.Сейдакматова убагында өз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган.
Кырдрамтеатрдын сахнасында жетишкен ийгиликтери үчүн Ж.Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРининэмгек сиңирген артисти, 1977-жылыКыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарын алат.
Ал эми “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Каныкейдин образы үчүн ал 1986-жылы Кыргыз ССРининТоктогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.

Жамал Сейдакматова “Тунгуч” театрынын уюуштуруучусу

Бирок, Ж.Сейдакматова Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында жетишкен чыгармачылык ийгиликтерине канаатанып, бир орунду таптап туруп калган жок. Анын чыгармачылык жаңылыкка чаңкоосу, умтулуусу, 1989-жылы болочок “Тунгуч” театрынын түптөлүшүнө алып келди.
СССРдин жетекчиси М.Горбачевдун Кайра куруусунун шарапаты тийип, Ж.Сейдакматова пикирлеш артисттердин тобу менен Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгачдраматург Ж.Өзүбекованын “Апамдын махабаты” драмасын ишке ашырат. Андан соң ушул эле багытта К.Акматов менен Ж.Кулмамбетовдун “Мунабия” драмасын режиссер А.Сарлыкбековго койдурат.
Театрдын ичинде дагы бир театрдынтүзүлүшү ал кездеги Кырдрамдын жетекчилиги үчүн өтө өөн көрүнүш эле. Ж.Сейдакматова менен анын пикирлештери ачык эле кодулана башташат. Андан ары Кырдарамдын ирегесинде калууга мүмкүн болбой калган, ошондо Ж.Сейдакматова бир катар пикирлештери: М.Токтобаев, А.Өзүбеков, М.Мамбетов, Ж.Балыкбаева, Ж.Жаманбаева, Т.Абдыразаева, Э.Чалабаев, К.Бекбатыров ж.б. менен бирдикте театрды таштап, чыгып кетишет да “Тунгуч” театрын негиздейт.
1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залындаКыргызстандагы эң алгачкы жеке менчик театр - “Тунгуч” театрынын расмий ачылышы өтөт.
“Тунгуч” театрынын ачылышындагы репертуары төмөнкүдөй эле: К.Акматов, Ж.Кулмамбетов, “Мунабия”
Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз хандын купуя сыры”
Ж.Өзүбекова, “Апамдын махабаты”, “Карагыз”
1992-жылы Ж.Сейдакматова, театрколлективини жыйынында «Туңгуч» театрынын көркөм жетекчиси болуп шайланат.

Театрда аткарган негизги ролдору

  • Жамал (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»)
  • Алиман (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»)
  • Сейде (Ч.Айтматов, «Бетме-бет»
  • Шайыргүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»)
  • Айганыш (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)
  • Нази (М.Байжиев, “Төр адам”)
  • Катарина, (У. Шекспир, «Азоого чалма»)
  • Эркайым (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»)
  • Агафья Тихонова (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»)
  • Шафак (М. Карим, «Ай тутулган түндө»)
  • Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»)
  • Күлсүн (М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
  • Дездемона (У. Шекспир, «Отелло»)
  • Алмагүл (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)
  • Эльпи (К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)
  • Зейнеп (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)
  • Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»)
  • Салыя (К. Акматов), «Ажырашуу түнү»)
  • Жайдар (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)
  • Найман эне (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)
  • Тангабике (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
  • Мунабия (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов «Мунабия»)
  • Көзү ачык кемпир( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)
  • Ханыша (С.Раев, «Ханышанын көз жашы»)ж.б.

Киноролдору

Зиягүл («Алыскы тоолордо»)
Хатша («Караш-Караш окуясы»)
Жамал («Ташка баткан элестер»)
Фатима («Улан»)
Бегайым («Ак илбирстин тукуму»)
Шайыргүл («Кара кийикке жол») ж.б.

Айрым шилтемелер

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1980, 5-том.
  • Ж.Кулмамбетов. Театр дүйнөсүндө, Фрунзе, “Кыргызстан”, 1988.
  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, Бийиктик, 2009. - ISBN 978-9967-13-540-6.
The contents of this page are sourced from Wikipedia article on 09 Sep 2020. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Jamal Seydakmatova is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Reference sources
References
Jamal Seydakmatova
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes