

Toktomushev, Abdrasul
Quick Facts
Biography
Токтомушов Абдрасул (1912–1995) - акын.
Абдрасул Токтомушев Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган.
1928 – 1931-жж. Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техни-кумунда окуп,
1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн.
А.Токтомушев 1932 – 1941-жж. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Лейлек районунун «Колхоз турмушу», республикалык «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы, бөлүм башчы,
1953 – 1957-жж. «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдарынын редакцияларында бөлүм башчы болгон.
Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары «Балбандар» деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы1958-жылы орус тилинде басылып чыккан.
Акындынбалдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык үнү», «Достук» ж.б. чыгармалары бар.
А.Токтомушев ыр менен жазылган «Алтын Too» аттуу романынын биринчи бөлүгү 1965-жылы, экинчи бөлүгү 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
А.Токтомушев ливан акындарынын ырларын, В.Дальдын жомокторун, Гильендин ырларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн жамааттык жый-нактардын котормолоруна катышкан.
1989-жылы «Үркүн» аттуу автобиографиялык романы «Ала-Тоо» жур-налына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган.
1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1972-жылдан Кыргыз эл акыны.
«Эмгек Кызыл Туу», «Элдердин достугу», «Ардак белгиси» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каар-ман эмгеги үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ар-дак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
Балбандар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 65 б.
Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас. 1937. – 30 б.
Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 58 б.
Хан жана Жуматай: Эл жомогунан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 16 б.
Жомоктор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 16 б.
Максат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 87 б.
Күн: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 74 б.
Жаштын тилеги: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас. 1948. – 16 б.
Тартуу: Ырлар жыйнагы – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 129 б.
Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас 1950. – 72 б.
Тынчтык үнү: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 40 б.
Эмгек жана бакыт: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952.– 115 б.
Менин өлкөм: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 278 б.
Жакып уулу: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 68 б.
Жүрөктө: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 91 б.
Өмүр жолу:Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 159 б.
Өмүр көктөмү: Тандалмалуу чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 499 б.
Күндөй жарык: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 172 б.
Сүйүү жана коркунуч: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 264 б.
Байка: Аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 15 б.
Булар кандай: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 14 б.
Алтын тоо:Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 202 б.
Арстанбап: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 16 б.
Эркин саптар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 227 б.
Алтын тоо: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 130 б.
Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1969. – 131 б.
Кон, кон, көпөлөк: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 12 б.
Ак Мөөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 263 б.
Саяпкер: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1971. – 23 б.
Жаш достор: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1972. – 122 б.
Калем кайрыгы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 150 б.
Тандалган чыгармалар: Бир томдук: Роман, ырлар жана дастандар.–Ф.:Кыргызстан,1973.–559 б.
Ойноок жылдыздар: Тандалган ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 224 б.
Акыйкат соңунан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1978. – 18 б.
Алтын тоо: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 324 б.
Эркетайым: Ырлар жана дастандар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 252 б.
Тандалмалар: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 368 б.
Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 92 б.
Аргымак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 12 б.
Ала-Тоо легендалары: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 56 б.
Поэма. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б. – (текст: кырг., орус.)
Китеп окуучуларга эстелик. – Ф., 1954. – 4 б.
Арстанбап – Арсланбоп. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б.
Кутманым: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989.–120 б.
Он дастан: Дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 256 б.
КОТОРМОЛОРУ
Ливан акындары. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 46 б.
Николае Гильен. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 140 б.
Даль В. И. Түлкү-чокой: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1987. – 13 б.