Sarybay Kudaybergenov
Quick Facts
Biography
Кудайбергенов Сарыбай (5. 4. 1925, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Шалта айылы – 11. 12. 1982, ошол эле жер) – тилчи, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча адис, филология илимдеринин доктору (1968). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941). Кыргыз Мамлекеттик педагогика институтунун филология факультетинде (1946–50), СССР Илимдер академиясынын Тил илими институтунун Түркология секторунун аспирантурасында окуган (1950–53). СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых интунда илимий кызматкер, сектор башчысы (1953) болгон. 160тан ашык илимий эмгеги бар. Эмгектеринде кыргыз тилинин морфологиясы, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү системасы, сөз түркүмдөрү иликтөөгө алынган. Эмг.: Кыргыз тилиндеги сөз өзгөртүү системасы. Ф., 1959; Кыргыз тилиндеги этиштин учур чагы менен өткөн чагы. Ф., 1961; Кыргыз тилиндеги мамиле категориясы. Ф., 1959; Кыргыз тилинде этишти жасоочу кээ бир мүчөлөр. Ф., 1968.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9