peoplepill id: estebes-tursunaliev
ET
Kyrgyzstan Russia
1 views today
1 views this week
Estebes Tursunaliev
Soviet music educator and poet (1931-2005)

Estebes Tursunaliev

The basics

Quick Facts

Intro
Soviet music educator and poet (1931-2005)
A.K.A.
Эстебес Турсуналиев
Gender
Male
Place of death
Bishkek
Age
74 years
The details (from wikipedia)

Biography

Эстебес Турсуналиев (5-май, 1931-ж. —  11-октябрь, 2005-ж.) —  белгилүү акын, төкмө акын, комузчу. СССРдин эл артисти (1988-ж.)

Өмүр баяны

Эстебес Турсуналиев —  1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болгон. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.

Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Жапония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептери жарыкка чыгарган.

Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган. 

Билими

  • 1939-1946-жж. – Арал орто мектеби, 5-классынан баштап көркөмс 5-го класса өздүк-көркөм чыгармачылыгына катышкан;
  • 1946-ж. – он беш жашар баланы Алымкул Үсөнбаев Фрунзеге алып келген.
  • 1947-ж. – 1946-жылы республикалык өздүк-көркөм чыгармачылыгынын олимпиадасынан улуу акын Алымкул Үсөнбаев анын өнөрүнө баа берип, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына алып келген. Ошол жылы кыргыздын белгилүү төкмө акындары жана музыканттары – Алымкул Үсөнбаев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев жана башкалардын окуучусу болуп калган.

Үй-бүлөсү

Аялы– Райгүл жана сегиз баласы бар: Съездбек, Насыпбек, Эркинбек, Таалайбек, Толкуна, Нурдин, Айнура, Нурлан.  

Чыгармачылыгы

Анын чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. 1952-жылдан устаты Т.Тыныбеков менен комуздун коштоосундагы айтыш ырларын жаза баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Акындын үнү» деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Бир катар ырлар жана айтыштар жыйнактарынын автору. Сегиз китептин автору.

Сыйлыктары жана наамдары

  • «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-кендик согуштагы каарман эмгеги үчүн»;
  • СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1967);
  • 1973–1975-жж. Э.Турсуналиев тарабынан даярдалган программалардын циклы Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон;
  • Кыргыз ССРинин Эл артисти (1976);
  • СССР Эл артисти (1988-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Эл депутаты (1990-ж.);
  • Казак Республикасынын Эл артисти (1994);
  • Эл Аралык Руханият ассоциациясынын лауреаты (1999-ж.);
  • Кыргыз Мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наамынын ээси.
  • «Ардак белгиси» ордени;
  • В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы;
  • Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Акындын үнү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 55 б.
  • Заман жарчысы: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 125 б.
  • Эскерүүлөр. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 156 б.
  • Ыр – өмүрүм: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 226 б.
  • Кайыңды: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 104 б.
  • Ак таңдай: Ырлар жана эскерүүлөр. – Ф.: Адабият, 1991. – 159 б.
  • Айтыштар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973.

Шилтемелер

Актандайлар. Бишкек-2004.
Манас району. Энциклопедия. Бишкек -2006.

Колдонулган адабияттар

The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.
Lists
Estebes Tursunaliev is in following lists
comments so far.
Comments
From our partners
Sponsored
Estebes Tursunaliev
arrow-left arrow-right instagram whatsapp myspace quora soundcloud spotify tumblr vk website youtube pandora tunein iheart itunes