Dinara Asanova
Quick Facts
Biography
Динара Асанова — Кыргызстандык акын. "Акын сапарына кадам" адабий клубунун жетекчиси, "Ак шоола" ырлар жыйнагынын автору. Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында эмгектенет.
Өмүр баяны
Динара Асанова 1979-жылы 23-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. Эки уул, бир кыздын энеси.Балалык кези Сай айылында таятасынын үйүндө өткөн. Кичинекей бала кезден жомок уламыш поэзияларды көп жаттап 7 класстан поэзия ыр дүйнөсүнө аралаша баштаган. Биринчи жараткан ыры "Күз келди", "Мектебим", "Көпөлөк" Гезит бетине 1998-жылы жарыяланган. 2001-жылдан тартып адабий гезиттерге ырларын сунуштап чыгарган. Жеке жашоосуна байланыштуу чыгармачылыкта бир топ тыныгуу жасап, 2021-жылы "Ак шоола" атту китеби жарыкка чыккан. 2011-жылдан тартып Орусиянын Екатеринбург шаарында жашап, эмгектенип келет.
Китептери
- Ак шоола (2021)
- Баалайынчы бактымды жашоомдогу (2021)