Cholpon Baekova
Quick Facts
Biography
БАЕКОВА Чолпон Турсуновна (1947, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы) мамлекеттик ишмер. КМУнун юридика факультетин (1969), Москвадагы Коомдук илимдер академиясын (1990) бүтүргөн. 1969-77-жылдары Кыргыз ССРинин Прокуратурасынын жарандык иштерди сотто кароонун көзөмөл жүргүзүү бөлүмүндө прокурор, 1977-82-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун судьясы, 1982-85-жылы Ысык-Көл облусунун сотунун, 1985-88-жылдары профсоюздун Ысык-Көл облусунун кеңешинин төрайымы, 1988-90-жылы Кыргыз ССРинин Юстиция министринин биринчи орунбасары, 1990-92-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзам жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы, 1991-93-жылы КРнын Башкы прокурору болуп иштеген. 1993-2007 жылдары КРнын Конституциялык сотунун төрайымы.С 2008-2010 жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 1-вице-спикери. С 2010 ж. бери Кыргыз-Оруссия Славян Университетинин Илимий борборунда алдыңкы адис болуп эмгектенет.
Сыйлыктары
КРнын эмгек сиңирген юристи, III даража дагы Манас ордени менен сыйланган, «Фемида-2000» эларалык сыйлыгынын лауреаты.
Колдонулган адабияттар
- Абдышев К. "Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1