Boris Osipovich Dolgikh
Quick Facts
Biography
Долгих Борис Осипович (1904-1971), белгилүү советтик этнограф-тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, ХХ к. таанымал сибиртаануучулардын бири, Сибирь элдеринин тарыхы, этнографиясы боюнча ири адис катары белгилүү болгон. Сибирдин тарыхый этнографиясы жаңы илимий багыттын негиздөөчүсү, Сибирь элдеринин этностук тарыхы боюнча мектептин негиз салуучусу. Бул аймактын элдерин изилдөө максатында көп сандаган илимий экспедициялардын катышуучусу жана уюштуруучусу. Билимдүү адамдын үй бүлөсүндө туулган Б.О.Долгих атасынын зор таасирин алган. Самарага көчүп келгенден соң гимназиядан билим алат, 1920-ж. 16 жаштагы Б.О.Долгих Самара университетинин студенти болуп калган эле. 1925-ж. Москвага келип, М.В.Ломносов атындагы МГУга эркин угуучу болуп кирет. 1927-ж. мыкты илимий доклады үчүн экинчи курска кабыл алынат. 1929-ж. коллективдештирүүнү сындап чыккандыгы үчүн Турухан крайына сүргүнгө айдалган. Андан соң, Иркутскиге жиберилип, ал жерде Край таануу коомуна мүчө болуп кирип, кеттер тууралу эң алгачкы монографиясын жарыялаган. Андан соң бир катар жылдар бою түндүктөТаймыр жана Эвенкияда иштеген. Ал жерден С.П.Толстов менен таанышып калган эле. Б.О.Долгих 5 монография, 70 ашуун илимий макалалардын автору. 1926-1927 жж. эл каттоо учурунда эвенк, якут, долгон, энц, кет, нганасандардын арасында болуп, зор маалыматтарды жыйнаган. ЫраакыТүндүккө экспедицияларды уюштурган (1938-1940). 1944-ж. С.П.Толсовдун сунушу менен аспирантурага тапшырып, 1948-ж. «Родовой и племенной состав народностей Севера и Средней Сибири» аттуу темада докторлук диссертациясын коргойт. Ошол эле жылы Этнография институтунун кызматкери болуп жумушка алынат. 1958-ж. «Родовой и племенной состав народов Сибири в XVII в.» темадагы докторлук диссертациясын коргогон. Б.О.Долгих Сибирь элдеринин этнографиясы, каада-салттары, үрп-адаттары, социалдык абалы ж.б. багыттагы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын сунушу менен аз сандуу Сибирь элдери үчүн мыйзамдар кабыл алынган. Анын “Родовой и племенной состав народов Сибири в XVII в. -М.: Изд-во АН СССР, 1960. -622 с” монографиясы этнография илиминдеги ири ачылыштарды өзүнө камтыган.
Эмгектери
- Население Таймыра и прилегающего к нему района // Северная Азия. 1929. № 2.
- Кеты: История закабаления царизмом и послереволюц. культур. и хоз. рост. – Иркутск; М.: Гос. изд-во, 1934. – 134 с.;
- Легенды и сказки нганасанов / Текст и предисл. Б.О. Долгих. – Красноярск: Гос. изд-во, 1938. – 136 с.;
- О родовом составе и расселении энцев // СЭ. 1946. № 4;
- Родовой и племенной состав народностей Севера Средней Сибири // КСИЭ. М., 1949. Вып. 5. С. 70—85;
- Племена Средней Сибири в XVII в. // Там же. Вып. 7;
- Родо-племенной состав и расселение кетов // Доклады и сообщения исторического факультета Московского государственного университета. М., 1950. вып. 9;
- К вопросу о населении бассейна Оленёка и верховьев Анабара // Советская этнография. 1950. № 4. С. 169-173.
- О расселении народов Сибири в XVII веке // Советская этнография. 1952. № 3. С. 76-84;
- Происхождение нганасан // ТИЭ. М.-Л., 1952, Т. 18. С. 5-87.
- Старинные землянки кетов на реке Подкаменная Тунгуска // Советская этнография. 1952. № 2;
- Некоторые данные о заключении брака и свадебном обряде у кетов в прошлом // КСИЭ. 1952. Вып. 16;
- Некоторые данные к истории образования бурятского народа // Советская этнография. 1953. № 1;
- Старинные обычаи энцев, связанные с рождением ребенка и выбором ему имени // КСИЭ. 1954. Вып. 20;
- Тамги нганасанов и энцев // КСИЭ. 1957. Вып. 27;
- Родовой и племенной состав народов Сибири в XVII в. – М.: Изд-во АН СССР, 1960. – 622 с.;
- О похоронном обряде кетов // Советская археология. 1961. № 3.
- Родовая экзогамия у нганасан и энцев // Сибирский этнографический сборник. М., 1962. Т. 4;
- Мифологические сказки и исторические предания энцев. М., 1961;
- Происхождение долган // СЭС. М., 1963, С. 92–142;
- (в соавторстве с Вайнштейном С. И.) К этнической истории хакасов // Советская этнография. 1963. № 2. С. 93—97;
- Проблемы этнографии и антропологии Арктики // Советская этнография. 1964. № 4;
- Очерки по этнической истории ненцев и энцев. – М.: Наука, 1970. 270 с.;
- Общественный строй у народов Северной Сибири XVII — начала XX в. М., 1970 (ответ. ред. и автор трех глав);
- Мифологические сказки и исторические предания нганасанов / Сост. Б.О. Долгих. – М.: Наука, 1976. – 341 с.
- Население районов крайнего Севера Красноярского края (1954). Архивная публикация подготовлена С. И. Вайнштейном. // Институт этнологии и антропологии РАН. Полевые исследования. Нов. сер. 1993. Т. 1. Вып. 2. С. 125 и сл.
Колдонулган адабияттар
- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015