Biography
Lists
Also Viewed
The basics
Quick Facts
The details
Biography
Захаров Геннадий Алексеевич - (1941-ж. туулган, Фрунзе) медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2001). КММИни (1963), Кыргызстан ССР ИАнын Бийик тоо физиологиясы жана эксперименттик патология институтунун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. Ошол эле институтта кенже, улук илимий кызматкер, топтун жетекчиси, 1988-жылдан лаборатория башчысы. Патофизиология боюнча адистер 190дон ашык илимий эмгек, анын ичинде 3 монографиясы бар. Эмгектери: Адаптация к высокогорью при гормональных нагрузках (в соавторстве). Ф., 1975; Экспериментальный инфаркт в условиях горного климата (в соавторстве). Ф., 1978.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5