Isak Kotsjkorbaev

The basics

Quick Facts

PlacesRussia
Gender
Male
Birth1890, Semirechye Oblast
Death1966Kirghiz Soviet Socialist Republic (aged 76 years)
Politics:Communist Party Of The Soviet Union
The details

Biography

Кочкорбаев Исак (1890, Россия империясы, Пишпек уезди, азыркы Ысык-Ата району, Октябрь айылы – 1965, ошол эле район, Кеңеш айылы) – колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин мал-чарбасынын устаты (1953). 1929–57-ж. Ивановка районундагы «Кеңеш» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Анын жетекчилигинде «Кеңеш» колхозу республикадагы алдыңкы ири чарбалардын бирине айланган. 1954–58-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1947–55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Ал жетектеген мурдагы «Кеңеш» колхозуна анын ысымы берилген.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
The contents of this page are sourced from Wikipedia article on 03 Oct 2019. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.