Azhimat Saynazarov

The basics

Quick Facts

PlacesRussia
Gender
Male
Death1986
The details

Biography

Сайназаров Ажимамат 1912-жылы 12-январда Сузак районунун Багыттт айылында туулган.

1932-жылы орто мектепти Фрунзе шаарында окуп бүтүп, андан соң, бухгалтер кесибине ээ болгон. 1941-жылы Улуу Ата-мекендик согушка чакырылып, 19-аткычтар полкунун минамет батареясында минаметчик болуп кызмат өтөгөн. 1943-жылы оң колунан жана оң бутунан жарат алып үйгө кайткан. 1946-1949-жылдары Багыш айыл кеңешинин төр агасы, 1950-1954-жылдары Октябрь райондук Госстрахтын ага инспектору, 1954-1956-жылы ХХ-партсьезд колхозунда парт организациянын секратары, 1956-1963-жылдары “Ленин-жол” колхозунда пахтачылык бригадасында бригадир, 1963-жылдан ’’Дружба” совхозунда бригадир, кассир болуп өмүрүнүн аягына чейин эмгектенип, 1986-жылы дүйнөдөн кайткан.

Бир канча орден, медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3

The contents of this page are sourced from Wikipedia article on 05 May 2024. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.