Abdulkhai Aldashev

Biologiste kirghize
The basics

Quick Facts

IntroBiologiste kirghize
A.K.A.Abdulakh Aldashevich Aldashev
A.K.A.Abdulakh Aldashevich Aldashev
wasPhysician Veterinarian Professor Educator
Work fieldAcademia Healthcare
Gender
Male
Birth1918, Jeti-Oguz District
Death2003Bishkek (aged 85 years)
The details

Biography

Алдашев Абдулхай Алдашевич (1918, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы) — 2003) көрүнүктүү кыргыз фармакологу, токсикологу жана котормочу. Кыргыз Айыл Чарба Институтун бүтүргөн (1939). Ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык врачы (1974). Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү. Абдулкай Алдашевич эки 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, «Кызыл Жылдыз», эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. 500-дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монография, 11 ойлоп табуунун, 2 окуу куралынын автору. Анын жетекчилиги менен илимдин 10 доктору, 20 кандидатты диссертацияларын жактаган.

Манас эпосу

70-жылдардын башында Б. М. Юнусалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн «Манас» эпосунун канондук текстин орус тилине сапма-сап которуу үчүн котормочулардын конкурсун өткөрүүгө (К. К. Юдахин) менен бирге жетекчилик кылган. Редакциялык кеңеш тандап алган 120 000 сап котормонун 115 000 сабын (5000 сапты К. К. Юдахин менен бирге) Абдулкай Алдашевич илимий талапка ылайык иретке салып терминдерди орусча так берүүгө жетишкен.

Абдулкай Алдашевич катышкан жана редакциялаган сапма-сап котормонун негизинде «Манас» эпосунун илимий басылышы "СССР элдеринин эпостору" деген серияда Москвадан ишке ашырылган. Орус тилине көркөм которулган "Манас" үчилтигинин "Семетей" жана "Сейтек" бөлүмдөрүнүн сапма-сап котормосунун 30 000 сабы да Абдулкай Алдашевичке таандык.

Башка котормолору

В.Катаевдин “Мен эмгекчи элдин уулумун” повестин, М.Горькийдин “Балалык” повестин, чыгармалар жыйнагынын 6-томун, Н.Рыбактын “Преяслов радасы” романын, Г.Флобердин “Айым Бовари” романын кыргыз тилине которгон.

Эмгектери

  • Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү, 1998
  • Этапы развития ветеринарии в Киргизии/ А. А. Алдашев ; АН КиргССР, Ин-т орган. химии, Фрунзе, Илим, 1989
  • Русско-киргизский терминологический словарь по животноводству и ветеринарии/ А. А. Алдашев.-335 с. 2-е изд. испр., Фрунзе, Кыргызстан, 1989
  • Русско-киргизский терминологический словарь по животноводству и ветеринарии/ А. Алдашев, 522 с. 21 см., Фрунзе, Илим, 1980

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Абдышев К."Кылым инсандары" Бишкек-2003-ж.
The contents of this page are sourced from Wikipedia article. The contents are available under the CC BY-SA 4.0 license.